Ответы на вопрос:
Газ (Физика) – заттын бөлүкчөлөрү эркин кыймылдап, бири-бири менен байланышпаган же өз ара өтө начар аракетте болуп, өзүнө берилген көлөмдү толук ээлеген агрегаттык абалы.
Газ Жердин атмосферасын түзөт, катуу тоотектердин жана суюктуктардын курамына кирет. Күн, жылдыздар жана жылдыз аралык заттар бейтарап жана иондошкон Газдан (плазмадан) турат. Газ физикалык касиеттери боюнча катуу жана суюк абалдагы заттардан айырмаланат. Газдын тыгыздыгы суюк жана катуу заттардыкынан миң эсе кичине. Көлөмдүк кеңейүү боюнча (турактуу басым учурунда) суюктук менен Газдын ортосундагы айырма чоң. Магниттик касиети боюнча Газ диамагниттүү жана парамагниттүү болуп бөлүнөт. Мис., кычкылтек парамагнетик, ал эми суутек, азот, аргон жана көмүр кычкыл газы диамагнетик болуп саналат. Бардык катуу жана суюк заттардын басымын, температурасын өзгөртсө Газ абалына өтөт. Турактуу басым учурунда катуу зат Газ абалына өтүүдөн мурда суюк абалга (эрүү), андан кийин Газ абалына (буулануу) өтөт.
Популярно: Химия
-
MeXaHuK030.08.2021 14:03
-
rizvanovagyla306.10.2021 19:01
-
Pitbull201504.06.2020 18:26
-
Дарьятрофимова114.11.2021 10:50
-
NwM1201.08.2022 01:44
-
Школа510126.03.2022 06:55
-
yana0111106.03.2023 07:30
-
Толик56601.06.2022 08:49
-
ktotot11.07.2022 05:35
-
пятимейкер30.12.2020 19:24