22. Уламыш менен таанышкыла. Ордо оюну
Илгерки заманда кыргыздардын бир кара мүртөз, залим падышасы
болгон экен. Андан бүткүл кыргыз эли кор болуп, жакшы жашоого зар
болуптур. Элге кайрымсыз бул хан өзүнүн гана кызыкчылыгы менен алек
болуп келет. Хандын кордугун көп көргөн эл аксакалдары акылдашып
олтуруп аны тактан кулатыптыр.
Бирок анын ордуна ылайыктуу ханды отургуза албай, ар кайсы жаат
өзүнүкүн көрсөтүп, бир чечимге келе албайт. Ошондо бир кеменгер
аксакал бир аркан бою аянтка тегерек чийинди чийдирет, анын ортосуна
бир жамбыны бекитет. Аны хан деп атап, тегерегине көптөгөн чүкөлөрдү
коргоочу кылат. Анан элге жарыялап: «Кайсы жааттын адамы томпой
менен ушул чийинде туруп, хандын коргоочуларын атып чыгарып, анан
ханды чыгара атса, ошол хан болсун» дейт. Эл ал ойду жактап, ар кайсы
жаат өзүлөрүнүн мыктыларын ордого чыгарган экен. Мына ушул бир
жолу ойлонуп табылган акылман оюн кийин салттуу оюнга айланып
калыптыр. Кластер
119
339
Ответы на вопрос:
Популярно: Другие предметы
-
IncolaRO16.06.2021 05:18
-
Spectator1019.10.2021 17:12
-
MDI104.01.2022 09:40
-
Владонмегалодон01.06.2023 00:44
-
Сирена1111120.04.2021 18:14
-
bozenka2004200421.04.2020 09:25
-
Clook202308.12.2020 21:57
-
ElinaN2814.04.2021 00:18
-
FlafeRCat12.02.2023 20:04
-
Назар1905.01.2020 05:37