Есть ответ 👍

Природознавство 5 класс​

209
253
Посмотреть ответы 3

Ответы на вопрос:


Ты не прикрепил фотографию задания.

Ты забыла прикрепить фотку самого задания;)

Жайылма сүйлөм

Баш жана айкындооч мүчөлөрдүн катышуусу аркылуу түзүлгөн сүйлөм жайылма сүйлөм деп аталат. Жайылма сүйлөм үч түрлүү түзүлөт.

А)Ээ, баяндооч жана айкындооч мүчөнүн катышуусу аркылуу: Осмонбек комузун колуна алды.(К.Б.) Дубалга сааттын чынжыры токсон катар тартылды.

Б)Ээ көмүскөдө калып, айкындооч мүчө менен баяндоочтун катышуусу аркылуу түзүлөт: Кызуу иштеп жаткан элек. (М.Э.) Бир далай бастык.

В)Илик жөндөмөсүндө турган айкындооч мүчө көмүскөдө калып, ээ менен баяндоочтун катышуусунун натыйжасында: Жолдошу келди. Мунуңар жарабайт.

Этиштик жана атоочтук баяндооч

Этиш сөздөн болгон баяндооч этиштик, ал эми атооч сөздөрдөн болгон баяндооч атоочтук баяндооч деп аталат.

Мисалы: Ички бөлмө Самтырдын көңүлүн көтөрүп койду. (Т.С.) Бардыгын тең анан өзүнө төкпөй-чачпай айтып беремин. (Н. А.) Ак калпак, кызыл чепкен кийип, кула жоргону минип, теңселип келе жаткан - Түлкүбек. (К.Ж.) Көмкөрөсүнөн түшүп, корулдап уктап жаткан - Балакурман. (М.Э.)

Популярно: Другие предметы